Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

700-800 миң сом айлык алгандарды текшерүү жөнүндө сунуш түштү


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

Өкмөт мамлекеттик чоң үлүшү бар ишканалардагы айлык маселеси тууралуу парламентке маалымат бериши керек. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов ушундай талап койду:

- Жетекчилердин ишканага салымы чоң болсо, киреше алып келүүчү компания болсо ошондой айлык алсын. “Мегакомдун” жетекчисинин айлыгы 300 миң сом, бонус, сый акы кошулганда 700-800 миңге жетет экен. Кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде ушундай айлык коюп алышкан? “Кыргызтелеком” банкроттук алдында турат, жетекчиси 100 миң сом айлык коюп алыптыр. Бизде өмүр бою иштеген академик, профессорлор бар, алардын айлыгы 10-15 миңден ашпайт. Күнү-түнү иштеген дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз 7-8 миң сом алат.

Депутат өкмөткө ушул маселеге байланыштуу текшерүү жүргүзүп, парламентке маалымат берүүнү талап кылды.

"Мегаком" компаниясынын басма сөз кызматы бул билдирүүгө байланыштуу "700 миң сом деген чындыкка дал келбейт. Башкы директордун расмий маянасы мындан 2,5 эсе аз. Кызматкерлерге же топ-менеджерлерге бонус берилбейт жана эч качан берилген эмес. Компания 100% мамлекеттик болгонго чейин жылына бир жолу жаңы жыл алдында бардык кызматкерлерге сый акы төлөнчү, азыр андай жок" деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG