Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:10

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан үч киши каза болду


Нарындагы жол кырсыгынан талкаланган автоунаа. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында жол кырсыгынан үч киши каза болуп, алты адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы кабарлады

Кырсык жолдун 250-чакырымында, 31-майга караган түнү болду. Анда “Ауди 100” үлгүсүндөгү машине менен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаа кагышып кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн алты кызматкери барып, кырсыктан каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мерт болгон жана жаракат алгандарды аты-жөнү такталууда.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 250-чакырымы Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айылына туш келет. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG