Келерки жылдан тартып Кыргызстанда кылмыштардын жана тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
- Бул система тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарына гана эмес, катардагы жарандарга да арыздын каралышы, тергөөнүн жүрүшү, сотто кабыл алынган чечим тууралуу бүт маалыматты көрүп турууга мүмкүнчүлүк берет, - деди ал.
Быйыл 8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иштердин абалын сынга алган болчу. (RK)
Пикирлерди көрүңүз (5)
дагы пикирлерди жүктөө