Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

БУУ: Кыргызстанда кумсалар психологиялык кысымдан арылбай келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кумсалар психологиялык кысымдан арылбай келет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Дайниус Пурас билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жыныстык билим берүү жөнгө салынбай, кумсалар коомдун, жакындарынын зомбулугуна, психологиялык кысымына учурап жатат.

БУУ өкүлү өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жаатында мыйзамдарды сактоо керектигин белгиледи.

Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны тууралуу так маалымат жок. Кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, кийин кайра токтотулган. 2015-жылы Бишкекте кумсалар топтолгон кафеге бастырып кирип, алардын жыйынын үзгүлтүккө учураткан активисттерге кылмыш иши козголгон. (Bch)

XS
SM
MD
LG