Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

БУУ: Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү ооруканаларда абал начар


Дайниус Пурас (ортодо).
Дайниус Пурас (ортодо).

Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү ооруканаларда абал начар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Дайниус Пурас билдирди.

Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын курамындагы айрым ооруканаларды кыдырып чыкканын айтты.

Пурастын пикиринде, эл аралык уюмдар жардам бергени менен түрмөдөгү ооруканаларда абал жакшы эмес. "№5 тергөө абагына жана Кызыл-Жардагы психоневрологиялык ооруканага мамлекет көңүл бурушу зарыл" деди ал.

ЖАМКтын басма сөз бөлүмү бул билдирүүгө байланыштуу комментарий берип, имараттардын эскилиги чынында эле көйгөйлүү маселе экенин, бирок ички жабдыктарды жакшыртуу иши эл аралык уюмдардын жардамы менен ийгиликтүү аткарылып жатканын билдирди. Мекеме муну чет өлкөдөн келген коноктор да баса белгилегенин, айрыкча кургак учукка чалдыккандарды дарылоо, оорунун жайылышынын алдын алуу жаатында алгылыктуу иштер жасалганын билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG