Москва шаардык соту бейшембиде орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмышты 25 күнгө камаган райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Сот бүгүн дагы эки активисттин - Навальныйдын штабынын координатору Николай Ляскиндин жана "Навальный Live" аттуу "YouTube" каналынын алып баруучусу Руслан Шаведдиновдун ишин карайт.
Ляскин 15 күнгө, ал эми Шаведдинов 30 күнгө камалган. Алардын баарын сот 5-майдагы уруксат берилбеген митингди уюштурганы үчүн күнөөлүү деп таап, административдик жазага тарткан.
41 жаштагы оппозиционер Алексей Навальный Орусиянын президенти Владимир Путиндин 7-майдагы инаугурациясынын алдында элди «Ал бизге падыша эмес» деген акцияга чыгууга чакырган. 5-майда 26 шаарда өткөн ал нааразылык жүрүштөрүндө жалпысынан 1600дөй адам, анын ичинде Алексей Навальный да кармалган. Кийин сот оппозиционердин өзүн да 30 күнгө камоо тууралуу чечим чыгарган.