“Кыргызгидромет” мекемеси билдиргендей, 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30,
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29,
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт. (ErN)