Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Лавров Ким Чен Ынды Орусияга келип кетүүгө чакырды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бейшембиде Пхеньянга расмий иш сапары менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда Лавров Ким Чен Ынды Москвага келип кетүүгө чакырган. Ким Чен Ын болсо Орусия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө умтулаарын белгилеген.

Лавровдун иш сапары Пхеньян Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея менен дипломатиялык байланыш түзүп жаткан учурда Москванын да ордун билдирүү максатын көздөп жатканы белгиленүүдө.

Москванын тышкы саясий мекемесинин башчысы бүгүн Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Юн Хо менен да жолуккан.

Орус министри Москва АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнө кийлигишпей турганын, Пхеньян макулдашууга жетишүү үчүн Вашингтондун кайсы кепилдиктери зарыл экенин өзү чечиши керек болоорун кошумчалады. Лавровдун айтымында, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан "бир отуруп" эле тазалап коюш оор.

- Корей жарым аралындагы өзөктүк курал жана башка маселелер санкциялар толук алынмайынча чечилбейт деген ойдо турабыз. Ал эми ага жетишүү сүйлөшүү жүргүзүп жаткандардын чеберчилигине байланыштуу. Бирок бир эле отуруш менен анын баарын жасап коюу кыйын, - деди Лавров.

Түндүк Корея менен Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагы чектешет.

АКШ менен Түндүк Кореянын президенттеринин жолугушуусун 12-июнда Сингапурда өткөрүү белгиленген. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын орун басары генерал Ким Йоң Чол менен жолугушту. Анда саммитти өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

АКШ алдыдагы саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG