Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Баткенде Тажикстан менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүрдү


Кыргыз-тажик чек арасында. Баткен. 31-май, 2018-жыл
Кыргыз-тажик чек арасында. Баткен. 31-май, 2018-жыл

Бул тууралуу 31-май күнү “Азаттыка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

31-май күнү түшкө чейин Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен кошуна өлкөнүн Ворух айылынын жашоочулары ортосунда тирешүү болуп, абалды күч кызматтары тынчытып калган.

Окуяга "эки өлкөнүн чек арасын бөлүп турган жолду тажикстандык жарандар улам кичирейтип олтуруп Ак-Сай айыл аймагына карай кирип кетти" деген себеп менен Кыргызстан жарандары жолду кайра өз ордуна келтирүүгө аракет кылганынан улам чыккан нааразылык себеп болгон.

Тирешүүдөн кийин чек арадагы абал боюнча окуя болгон аймакта Тажикстандын Исфара районунун акими жана Баткен районунун жетекчилиги жолугуп, Тажикстан тарап чек араны бөлүп турган жолду кайра өз калыбына келтирмей болуп макулдашкандан кийин чогулгандар таркап кетишти. (JsA)

XS
SM
MD
LG