Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Орусия: сегиз жылга соттолгон мурдагы министр жазасын өтөй баштады


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Сегиз жылга соттолгон Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев абакка жөнөтүлдү. Бул тууралуу РБК маалыматтык сайты Федералдык Жаза аткаруу кызматына шилтеме кылып кабарлады. Аталган мекеме Улюкаев кайсы түрмөгө жөнөтүлгөнүн ачык айткан эмес.

61 жаштагы экс-министр орус президенти Владимир Путиндин узактан берки үзөңгүлөшү, "Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинден "2 миллион доллар пара алган" деп соттолгон.

Өкүмдү Москванын Замоскворецкий райондук соту былтыр 15-декабрда чыгарган. Бул чечимге макул болбогон экс-министр шаардык сотко кайрылган. Ишти караган Москва шаардык соту быйыл апрель айында райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Улюкаев сотто күнөөсү жок экенин билдирип, "тергөөчүлөр калп айтып жатат" деп, Сечинди айыптаган. Мурдагы министр буга чейин Москвадагы "Матросская тишина" тергөө абагында кармалып турган болчу.

XS
SM
MD
LG