Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АКШ Евробиримдиктен болот жана алюминий алып келүүгө бажы төлөмүн көтөрдү  


Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер

Кошмо Штаттар Европа Биримдигинен, Мексикадан жана Канададан болот жана алюминий импорттоого бажы төлөмүн көтөрдү. 1-июндан тарта бул өлкөлөрдөн болот алып кирүү 25 пайызга, алюминий киргизүү 10 пайызга жогорулайт.

Дональд Трамптын администрациясы бажы төлөмүн көтөрүүнү бир канча жолу артка жылдырып келген. Ал эми акыркы чечим тууралуу 23-мартта жарыяланып, бирок өнөктөштөр менен сүйлөшүү бүтө элек болгондуктан токтоп турган.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Вашингтондун бул чечимин протекционизм деп атаган жана эл аралык соода укук-эрежелеринин алкагында ЕБнын кызыкчылыгын коргоого убада берген.

Европа мамлекеттери жакынкы күндөрү АКШга карата жооп чара киргизүүнү талкуулаганы жатат.

Мартта Евробиримдик эгер АКШ болотко жана алюминийге бажы төлөмүн киргизсе, анда Брюссел июндун акырында жооп катары америкалык жынсыга, вискиге, жер жаңгак майына жана мотоциклге бажы төлөмүн киргизе турганын жарыялаган.

Еврокомиссиянын соода маселелери боюнча өкүлү Сесилия Мальмстрём АКШ президентинин демилгеси трансатлантикалык мамилеге жана глобалдык соодага зыянын тийгизе турганын билдирген. Ал "соода согушунда жеңүүчү болбойт" деп белгилеген.

XS
SM
MD
LG