Казакстандын жашоочулары быйыл жыл аягына чейин чөнтөк телефондорунун IMEI-коддорун каттатууга тийиш, антпесе байланышсыз калышат. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн «Байланыш тууралуу» мыйзамына киргизилди.
IMEI-коддорду каттатуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр Казакстандын уюк операторлорунун биринин мобилдик тиркемесинде пайда болду. Анда 2019-жылдын январынан тартып телефондун кодун жеке идентификациялык номурларына байлап каттатпаган колдонуучулардын байланышы өчүрүлө тургандыгы эскертилген.
IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган уникалдуу идентификациялык номер. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын казак бийлиги телефон уурдоо учурлары көп катталып жатканы менен түшүндүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, өлкөдө мындай кылмыштардын 5 гана пайызынын бети ачылат.
«Биз Казакстандын аймагында телефон уурдагандарга эч кандай пайда болбогондой кылабыз. Бул ишке ашкандан кийин телефондор башка сим-карталар менен иштебей калат», - деди өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев.
Ошондой эле чиновниктер мындай жол менен чөнтөк телефондордун көмүскө базарын дагы жоюуга болорун билдиришүүдө.