Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:54

Полиция: Кипрде өлгөн кыргыз жараны өз өмүрүн кыйган


Кыргызстан менен Түркиянын туулары.

Кипрдин Гирне шаарында 12-кабаттан кулап өлгөн кыргызстандык Садырбек Алымбеков "бычакталып, андан кийин терезеден ыргытылган" деген божомол айтылган.

Бул иш боюнча түрк полициясы кылмыш ишин козгогон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, түрк полициясы анын киши колдуу болгону тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин айтууда.

24-майда бийик кабаттан кулаган кыргызстандык 27 жаштагы Садырбек Алымбеков ооруканада үч күн жатып, каза болгон.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен Түркиядан 15тей кыргызстандык мигранттын сөөгү мекенине жөнөтүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG