Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:14

Жээнбеков: Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурабыз


Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет балдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иштерди күчөтөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Президент белгилегендей, айрыкча жол коопсуздугуна, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу иштерине көңүл бурулат.

“Өзгөчө камкордукка ден соолугу начар, майып, кароосуз калган жана зомбулукка кабылган балдар муктаж” дейт Жээнбеков.

Бүгүн балдарга арналган түрдүү иш-чаралар өтүүдө.

Укук коргоочулар соңку жылдары зомбулукка, айрыкча жакындарынын кордугуна кабылган, ата-энеси мигрант болуп кетип көзөмөлсүз калган балдар көп болуп жатканын белгилешет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG