Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында экологиялык жактан сапаттуу токой жемиштерин саткан дүкөн иштей баштады. Мындан тышкары, жаңгактан май чыгарган атайын цех да ишке берилди.
Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылган чакан дүкөндө жаңгактын майы, алма, алчанын кургатылган талканы, козу карын, дары чөптөрдөн тартып бир топ азыктар сатылат.
Он чакты адам иш менен камсыз болгон дүкөндүн азыктары атайын лабораторияда текшерүүдөн өтүп, европалык талапка ылайык таңгакталып чыгарылууда.
“Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында ачылган дүкөн жаратылышка аяр мамиле кылып, андан пайда табуу максатын көздөйт.
Долбоор Германиянын Эл аралык кызматташтык коому аркылуу ишке ашууда.
Грек жаңгагы менен таанымал Арстанбап аймагына жыл сайын 100 миңге чукул адам эс алууга келет. Алардын бир аз бөлүгүн чет өлкөлүк туристтер түзөт. (RsK)