Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Инспекторду көздөй унаа айдаган аял мурдагы милиция башчысынын жубайы экени такталды


Алымжан Козубаев. Сүрөт 2015-жылы тартылган.
Алымжан Козубаев. Сүрөт 2015-жылы тартылган.

Бишкекте жолтандабас менен инспекторду сүздүрүп кете жаздаган аял мурда милициянын жогорку кызматтарында иштеген адамдын жубайы экени такталды. Бүгүн “Азаттык” Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаев менен байланышканда ал окуя үчүн айыпталып жаткан аял анын жубайы экенин ырастады. Бирок Козубаев ошол жерде түзүлгөн жагдайга бир жактуу карабаш керек экенин айтты:

- Менин келинчегим болот. Элдин баары эле билет. Ал жерде ошондой жагдай түзүлүп калыптыр. Бир жактуу карабаш керек. Роликтин кичине үзүндүсүн койсо башка киши, толук койгондо башкасы күнөөлүү болот.

Козубаев ошондой эле жубайы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы экенин айтты.

Бишкекте жол коопсуздугун тескеген кызматкерди тебелетип кете жаздаган айдоочуга карата кылмыш иши козголгонун бүгүн "Азаттыкка" баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Оморовдун айтымында, иш Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик адамына зомбулук көрсөтүү" беренесинин негизинде козголду.

Кечээ “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалганы, ал Ленин райондук милициясына жеткирилгени кабарланган.

Мекеменин маалыматына караганда, жол кайгуул кызматкери жабыр тарткан эмес.

Ал жолтандабастын алдын тосууга аракет кылганы, автоунаа аны бир нече метрге чейин жөөлөп баратканы тартылган видео Интернетте кечээ тараган. Окуя Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгону кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG