Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Адам өлүмүнө алып келген кырсык боюнча прокурордун жардамчысы толук акталды


Каза тапкан Айсанат Борбашеванын автоунаасы кырсыктан кийин. 2017-жыл.
Каза тапкан Айсанат Борбашеванын автоунаасы кырсыктан кийин. 2017-жыл.

Токмок шаардык соту Айсанат Борбашеванын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча шектелүүчү Данияр Сейталиевди толук актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбашеванын тууганы Сарылбек Борбашев билдирди.

Анын айтымында, сот бул боюнча кечээ, 31-майдын кечинде чечим кабыл алды. “Токмок шаардык соту кыздын өлүмүнөн акча жасап жатат” деди Сарылбек Борбашев.

Борбашев бул чечимге макул эместигин, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жазаарын айтты. Ал ошондой эле адилетсиз чечимге нааразылыгын билдирип, Айсанаттын жакындары анын сүрөтүн көтөрүп алып, Жогорку соттун алдында митингге чыгаарын да кошумчалады.

Былтыр 17-июлга караган түнү Токмоктон Бишкекти көздөй чыккан жолдо прокурордун жардамчысы айдап бараткан “Тойота-Фораннер” үлгүсүндөгү жолтандабас “Хонда-Стрим” машинесин сүзгөн. "Хонданын" 19 жаштагы жүргүнчүсү Айсанат Борбашева кырсык болгон жерде каза таап, дагы беш киши жараат алган.

“Тойота-Фораннер” автоунаасынын айдоочусу Бишкектин Биринчи май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев болуп чыккан. Ал окуя болгон учурда мас болгону, кырсыктан кийин качып кеткени иликтөөдө аныкталган. Анын машинесинен 20дан ашык кылмыш ишинин материалдары табылган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси ("Транспорт каражаттарынын жүрүшүнө жолтоо кылуу жана техникалык коопсуздук эрежесин бузуу") жана 121-беренеси ("Адамды коркунуч абалында калтыруу") менен кылмыш иши козголуп, Данияр Сейталиев эки айга камакка алынган. Кийин ал белгисиз жагдайда боштондукка чыккан. Башкы прокуратура Сейталиев иштен бошотулганын билдирген. Ал өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG