Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Майып бала баккандарга акы төлөө демилгеси кайра көтөрүлдү


Депутат Мирлан Бакиров.
Депутат Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеӊеште “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Бул долбоорду депутат Мирлан Бакиров сунуш кылган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова ушу тапта туруктуу багууга муктаж балдарды караган адамдардын эмгек стажы эсептелип жатканын, бирок каржынын тартыштыгына байланыштуу аларга эмгек акы төлөнбөй турганын “Азаттыка” билдирген эле.

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 173 миң адам жашайт, алардын ичинен балдардын саны 29 миңден ашык. Медициналык-социалдык комиссиянын корутундусуна ылайык, 6 миңге жакын бала дайыма бөлөк адамдын багуусуна муктаж.

Финансы министрлигинин эсебинде, азыркы жашоо минимуму 4794 сом болсо, анда жалпысынан 450-470 млн сом талап кылынат, бирок мындай акча 2018-жылдын бюджетинде каралган эмес.

Майып балдарды баккандарга акы төлөп берүү демилгеси 2007-жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG