Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Балдардын психоневрологиялык интернаттары жаңыртылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт республика боюнча балдардын эки психоневрологиялык интернатынын имараттарын жаңылайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигине Жалал-Абаддагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жана Беловодское айылындагы ушундай эле мекеменин имараттарынын оңдоп-курулушун өз мөөнөтүндө жана толук каржылоону тапшырды.

Жакында өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Жалал-Абадга 67 миллион 309 миң сом, ал эми Беловодское айылына 69 миллион 35 миң сом жөнөтүлөт. Курулуш иштерин каржылоо ушул айда башталат.

Жалал-Абаддагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө мында 5-18 жашка чейинки 116 бала жашайт. Ал эми Беловодское айылындагы мекеме 1935-жылдан бери иштеп келет, анда 230 бала тарбияланат.

XS
SM
MD
LG