Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Испанияда социалист Педро Санчес өкмөт башына келди


Барселонадагы демонстранттар Испаниянын туусун көтөрүп жүрүшөт. 8-октябрь, 2017-жыл.
Барселонадагы демонстранттар Испаниянын туусун көтөрүп жүрүшөт. 8-октябрь, 2017-жыл.

Испаниянын парламенти Мариано Рахой башында турган министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимди колдошту. Өкмөттүн таркашын 180 депутат колдоп, 196сы каршы добуш берди. Жаңы премьер-министр болуп социалисттердин лидери Педро Санчес дайындалды. Буга чейин ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө каршы эмес экенин билдирип келген. Бирок азыр ал 2020-жылга чейин бийликте калууга даярдыгын ишарат кылды.

Анткен менен байкоочулар социалисттер парламентте аз болгондуктан, ал туруктуу министрлер кабинетин түзө алабы деп күмөн санап турушат. Мариано Рахой парламенттеги добуш берүүгө чейин эле кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирип, Санчести куттуктаган.

Депутаттар Рахойдун кызматтан кетишин ал башында турган Элдик партия аралашкан коррупциялык чуудан улам талап кылышты. Сот мурдараак партиянын 30 мүчөсүн күнөөлүү деп тапкан. Өкмөттү 2011-жылдан бери жетектеп келген Рахой буга чейин коррупциялык иштер тууралуу беймаалым болгонун жана анын тиешеси жоктугун айтып, кызматтан кетүүдөн баш тартып келген.

XS
SM
MD
LG