Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Ошто Ак-Бууранын жээгиндеги чатак чыккан жер тосулду


Ош шаары, Курманжан датка кичи району, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тосулган тилке. 1-июнь, 2018-жыл.
Ош шаары, Курманжан датка кичи району, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тосулган тилке. 1-июнь, 2018-жыл.

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мэрия "тосулбайт" деп убада берген участокту тосулуп калды. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков билдирди.

Анын айтымында, жерди ээлеп алгандар жээкти темир тунуке менен коргондоп коюшкан.

Шаардын Курманжан датка ("Юго-Восток") кичи районундагы, дарыянын боюндагы бул участок 22-май күнү тосула баштаган учурда жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип чыгышкан. Натыйжада ортодо чатак чыгып, жерди тосуп алгандар аларга каршылык билдирген эки кишини сабап салышкан.

Мындан кийин Ош шаары мэриясынын шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов ызы-чуу менен тосулуп жаткан жер аянты эч кимге сатылбаганын билдирип, тосмо аны кургандарга кайра буздуруларын кабарлаган. Ага карабай 1-июнга карата тосмо толук курулуп бүтүп, жабылып калды.

Бул окуялардан кийин Ак-Бууранын корук зонасында 709 курулуш бар экени ачыкка чыккан.

Ал эми жер участогун тосууда чыккан мушташты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү териштирүүгө алган. Окуя боюнча жабыркаган эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылган. Анын жыйынтыгы жарыялана элек. (YI\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG