Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Грузин президенти демонстранттардын лидери менен жолукту


Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили. 1-июнь, 2018-жыл.
Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили. 1-июнь, 2018-жыл.

Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили Тбилисиде 31-майдан бери уланып жаткан демонстрацияга катышып жаткандардын лидери Заза Саралидзе менен жолукту. Буга чейин нааразылыкка чыккандардын талабы менен башкы прокурор Ираклий Шотадзе кызматтан кеткен.

Борбордук аянтка топтолгон миңдеген грузиялыктар өткөн жылдын соңунда эки өспүрүмдүн өлтүрүлүшү боюнча башталган иштин токтоп калганына нааразылыгын билдиришти. Алар буга күнөөлүү деп эсептешкен аткаминерлердин, анын ичинде премьер-министрдин да иштен кетишин талап кылып жатышат.

16 жаштагы өспүрүмдөр Давид Саралидзе менен Леван Дадуашвили эки башка мектептин ортосундагы окуучулардын ортосундагы мушташ учурунда курман болушкан. Балдардын биринин атасы Заза Саралидзе алты айга созулган тергөөдөн кийин далилдердин жетишсиздигинен сот ишти токтотуп койгонун айтат. Анын сөзүнө караганда, шектүүлөрдүн аталары бийликте отургандыктан прокуратура далилдерди жок кылып койгон.

Президент Маргелашвили Саралидзе менен парламент алдындагы тигилген демонстранттардын чатырчасынан жолугуп, көңүл айтты. Буга чейин премьер-министр Георгий Квирикашвили митингге чыккандардын талабына карабастан кызматтан кетпесин билдирип, ишти ички иштер министри өз көзөмөлүнө аларына сөз берген.

XS
SM
MD
LG