Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Юрист Жузеппе Конте Италиянын өкмөт башчылыгына дайындалды


Италиянын жаңы премьер-министри Жузеппе Конте. 1-март, 2018-жыл.
Италиянын жаңы премьер-министри Жузеппе Конте. 1-март, 2018-жыл.

Юрист Жузеппе Конте Италиянын өкмөт башчылыгына дайындалды. Бүгүн ал расмий ант берүү менен кызматына киришти. Конте президентке министрлер кабинетинин курамын сунуштады. 18 министрдин беши аял. Буга чейин Экономика министрлигине көрсөтүлүп, еврого терс көз карашы үчүн четке кагылган Паоло Савона 1-июнда Европа иштери боюнча министр катары ант берди.

Еврокеңештин президенти Доналд Туск Контени куттуктап, "ал Италия жана Еврокеңеш үчүн чечүүчү маалда" дайындалганын айтты. Туск ошондой эле биримдик жана тилектештик жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берерин ишара кылды.

XS
SM
MD
LG