АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда кезигишерин тастыктады. Бул тууралуу ал Түндүк Корея башчысынын кеңешчиси Ким Йоң Чол менен сүйлөшүүдөн кийин маалымдады.
Трамптын билдиришинче, кеңешчи ага Ким Чен Ындын катын берген. АКШ президенти аны "жакшы жана кызыктуу" деп мүнөздөдү.
Ким Йоң Чол мурдараак Нью-Йоркто АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолуккан. Ал тапта Пхеньянга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров барып, аны Ким Чен Ын кабыл алды.
24-майда Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуусу токтотулганын, айткан. Эртеси саммит 12-июнда болушу мүмкүндүгүн билдирген.