Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Бишкектин четинде “Тоо ханы” эстафетасы өттү


Иш-чара өтүп жаткан учур.
Иш-чара өтүп жаткан учур.

Бишкектин четиндеги “Чуңкурчак” базасында 2-июнда “Тоо ханы” эстафетасы өттү. Аны БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана “Веложамаат” коомдук бирикмеси уюштурду.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо эстафета тууралуу буларды айтты:

- Эки жыл катары менен ЮНИСЕФ бул спорттук демилгенин өнөктөшү болуп келатат. Демилге майып балдардын коомго аралашуусуна көңүл бурдуруу максатын көздөйт. Балдарга жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү – коомдун өнүгүүсү үчүн маанилүү. Баланы чектеген тоскоолдуктарды эмес, ар бир баланын талантын көрө билели.

“Тоо ханы” иш-чарасынын негизги максаты – балдар жана улуулар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, үй-бүлө менен биргеликте жигердүү убакыт өткөрүүгө үндөө, коомдо инклюзия идеяларын илгерилетүү, бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөгү аянтча түзүү.

ЮНИСЕФтин аталган эстафетасына, “Бардыгы үчүн футбол” спорттук таймаштарына жана викторинага 200дөн ашуун бала, ата-энелер да катышты. Ал эми тынч эс алууну жактыргандар үчүн кызыктуу мастер-класстар өткөрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG