Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Ооганстанда отуз жыл мурда жоголгон жоокер аман табылды


СССРдин герби.
СССРдин герби.

Ооганстанда отуз жыл мурда дайынсыз жоголгон совет жоокери аман табылды. Бул тууралуу "РИА Новости" 1-июнда Орусиянын десанттар бирикмесинин башчысы Валерий Воротининге таянып билдирди. Бирок анын аты-жөнү ачык айтыла элек. Агенттиктин дагы бир булагы дайынсыз жоголгон жоокер учкуч болгонун, 1987-жылы дайынсыз кеткенин билдирген. Учурда аны мекенине кайтаруу боюнча ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал тапта "Коммерсант" басылмасы 1987-жылы Совет бийлигинин аба күчтөрүндө иштеген бир аскери жоголгонун, ал 1962-жылы төрөлгөн улук лейтенант Сергей Иванович Пантелюк экенин жазып чыкты.

Тактала элек маалыматтарга караганда, ал Ростов облусундагы Батайск шаарында жашаган. Ал башкарган учак Баграм аэродромунан учкан бойдон дайынсыз жоголгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, учак соккуга кабылган.

ТАСС агенттиги болсо аман-эсен табылган учкучтун аты Александр Миронов болушу мүмкүндүгүн жазды.

Ооганстанда жарандык согуш 1978-жылы башталган. СССРдин Ооганстандагы аскерий аралашуусу 1979-жылы башталган. 1989-жылы совет аскерлери ооган жергесинен чыгарылган.

XS
SM
MD
LG