Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Жалал-Абадда жаңы коалиция түзүлүп, мэрликке талапкерлер көрсөтүлдү


Жалал-Абад шаарынын кире бериши
Жалал-Абад шаарынын кире бериши

Жалал-Абад шаардык кеңешинде бүгүн “Үлгүлүү шаар үчүн” деген аталышта жаңы колиция түзүлүп, мэр шайлоого талапкерин сунуштады.

Курамына КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” фракциялары кирген көпчүлүк коалиция шаардык кеңештин азыркы төрагасы, "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мураталы Тагаевди шаар башчылыкка көрсөттү.

Ал тапта "Ата-Журт" фракциясы Шайырбек Ташиевди талапкер катары сунуштаганын "Азаттыкка" Аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууганы.

“Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары азчылыкта калды. Мэр шайлоо 11-июнга белгиленген.

Мурдагы шаар башчысы Салайдин Авазов өз арызынын негизинде өткөн айда жумуштан бошотулган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталып, быйыл 17-апрелде камалган. Ал "Электр станциялары" ишканасын 2012-2014-жылдары жетектеген. (RsK)

XS
SM
MD
LG