Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Бурулайдын трагедиясына бийлик көңүл бурбаганы сынга алынууда


Бурулай Турдаалы кызы.
Бурулай Турдаалы кызы.

Чүйдүн Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча бийлик башындагылар кайрылуу жасабаганы же пикирин билдирбегени коомчулукта сынга алына баштады.

Социалдык тармактын колдонуучулары президент же өкмөт башчы маркумдун жакындарына көңүл айтпаганын же атайын кайрылуу жасабаганын сындап жатышат.

"Азаттык" радиосу президенттик аппараттын жана өкмөттүн Коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүнө бул боюнча 2-июнда кайрылды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы "эл президенттин пикирин күтүп жатканын" айтты, бирок кандайдыр бир билдирүү болобу же жокпу так маалымат берилбеди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан жооп боло элек.

Парламент спикери да бул маселеде сөз козгогону белгисиз. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева 31-майда көйгөйдү сессияда көтөрүп, эркек кесиптештери буга көңүл бурбай жатканын сынга алган.

Ал арада БУУ, ЮНИСЕФ, "Human rights watch" эл аралык уюмдары жана Кыргызстандын акыйкатчысы окуяга тынчсыздануусун билдиришти. Дүйнөлүк басылмаларда да бул окуя көп талкууланган темага айланды.

Айсулуу Мамашованын сөзү:

27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кызды ала качып бараткан киши кармалып, экөө милиция бөлүмүнө алып келинген. Шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кызды өлтүрдү деп шектелген адам ооруканада экени кабарланган. Андан бул кадамы тууралуу азырынча пикир алууга мүмкүн боло элек.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облустук башкармалыгы жүргүзүүдө. Абалды ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алган.

Кыргызстанда 2012-жылы кыз ала качкандарды жоопко тарткан мыйзам кабыл алынган. Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине ылайык, кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлагандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок былтыр “Аялдарды колдоо борбору” бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жүргүзүп, өлкөдө ала качуу азайганы менен, бул көрүнүш айыл жерлеринде дагы эле өкүм сүрүп жатканын, жаштар, ата-энелер анын кылмыш экенин билбей турганын жарыялаган. (SE)

"Кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00

XS
SM
MD
LG