Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Израилдин аба күчтөрү ХАМАСтын турумдарына сокку урду


Израилдин F-35 аскерий учагы.
Израилдин F-35 аскерий учагы.

Израилдин аскерий учактары жекшембиге караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС тобунун турумдарына сокку урду. Бул тууралуу Израилдин коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлап, ал Газа тараптан келген ракеталык аткылоого жооп иретинде жасалганын билдиришти. Курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Кабарларга караганда, өткөн түнү Газа тилкесинен төрт ирет снаряд атылган. Азырынча ракеталык аткылоого эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Газа тилкесинин тургундары израилдик учактар ХАМАСка таандык үч турумду бутага алганын маалымдашты. Израил армиясынын басма сөз кызматы ХАМАСтын үч лагериндеги он объектке чабуул жасалганын кабарлады.

Узаган аптада Израил Газа тилкесинде от ачууну токтотуу боюнча палестиналык топтор менен расмий эмес макулдашканы айтылган. Аймакта 2014-жылдан бери аскерий аракеттер уланууда.

XS
SM
MD
LG