Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык уланууда


Нааразылык акциясына көз салып турган тартип сакчылары.
Нааразылык акциясына көз салып турган тартип сакчылары.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде нааразылык акциялары уланууда. Айрым активисттер 3-июнга караган түндү парламенттин алдына тигилген чатырларда өткөрүштү.

Өкмөткө каршы митингдин уюштуруучусу Заза Саралидзе бардык саясий партияларды аларга кошулууга чакырды.

Нааразылык акциялары 31-майда башталган. Ал күнү кечинде парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулду. Алар өткөн жылдын соңунда Саралидзенин уулун өлтүргөн эки өспүрүмдүн иши аягына чыкпай калышына күнөөлүү деп эсептелген аткаминерлерди жазалоону суранып, башкы прокурор Ираклий Шотадзени кызматтан кетишин талап кылышкан. Баш прокурор иштен кеткен соң демонстранттар өкмөттү да отставкага кетүүгө чакыра башташкан.

Премьер-министр Георгий Квирикашвили миңдеген кишилердин талабына карабай кызматтан кетпей тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG