Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

Биринчи май райондук соту Зилалиевдин ишин кароону улантат


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантат. Акыркы жараян 25-майда болгон. Анда сот кийинки отурумду 4-июнга койгонун Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Зилалиевге карата президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага болсо "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан.

30-мартта УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузуп, ага карата эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы каралган.

XS
SM
MD
LG