Башкы прокуратура “Электр станциялары” ишканасына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта 2016-жылы ишкана Күрпсай ГЭСинин жабдыктарын оңдоп-жаңылоого сынак жарыялаганы, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион 775 миң сомдук зыян келтирген чечим кабыл алынганы айтылат. Бул үчүн “Электр станцияларынын” жетекчисинин ошол кездеги биринчи орун басары Бердибек Боркоев шек саналууда.
Кылмыш-жаза кодексинин “Ачык соода-сатык, аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Бердибек Боркоев буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбооруна байланыштуу камалган. Ага жана дагы бир нече кызматкерге карата "Шалаакылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. (RK)