Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Укук коргоочулар Бурулайдын өлүмү боюнча президентке кайрылды


Бурулай Турдаалы кызы.
Бурулай Турдаалы кызы.

Кыргызстандын аялдар уюмдарынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу президентке, спикерге жана өкмөт башчыга талаптар менен кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Алар бийлик өкүлдөрүнөн аялдар уюмдарынын катышуусу менен тезинен жыйын өткөрүүнү, Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча объективдүү ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылууну жана бардык күнөөлүүлөрдү акыйкат жазалоону талап кылышты.

Укук коргоочулар мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу мындай көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча конкреттүү аракеттердин планы жоктугун айтып, аны тезинен түзүү зарыл экенин билдиришти.

Иш-чарага кризистик борборлордун адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар катышты. Жыйын учурунда Кыргыз Республикасында никеге тургандардын 20 пайызы кыз ала качуу жолу менен ишке ашырылары, үй-бүлөлүк зомбулуктун үлүшү алты пайызды түзөрү айтылды.

Статистикага ылайык ала качуу айыл жергесинде шаарларга караганда эки эсе көбүрөөк кайталанат. Акыркы үч жыл ичинде 80ден ашык кыз укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок укук коргоочулардын маалыматы боюнча алардын көпчүлүгү тергөө учурунда кыскартылып, сотко жетпей калат. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG