Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Ысык-Көлдө журналисттер киши сатуу маселесин чагылдырууну үйрөнүүдө


Ысык-Көлдө өтүп жаткан медиа тренинг.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан медиа тренинг.

Журналисттер жана эркин блогерлер "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" аттуу аймактык долбоордун алкагында өткөрүлүп жаткан медиа тренингде киши сатуу маселесин чагылдырууну үйрөнүп жатышат.

Медиа адистер журналисттерге дүйнөлөшүү доорунда миграция маселесин чагылдыруунун жолдорун өркүндөтүү максатында практикалык жана теориялык тажрыйбаларын бөлүшүүдө.

Жыйынга өлкөнүн ар аймагынан жыйырмага жакын журналист, блогерлер келген. 4-июнда башталган иш-чара 6-июнда аяктайт. Тренинг Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы пансионаттардын биринде өтүп жатат.

2003-жылдан тартып Эл аралык миграция уюму Кыргыз Республикасынын киши сатуудан жапа чеккен 2200дөн ашык жаранына жардам берген. (AsM)

XS
SM
MD
LG