Улут аралык чыр-чатактар кайталанбашы үчүн мамлекет жана коомчулук тиешелүү иш-аракеттерди кылышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, “Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресс” уюмунун координатору Турсунбек Акундун 1990-жылдагы окуянын 28 жылдыгына карата тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ал “биз алдын алуу аракеттерин көрүп, маселени көзөмөлдөн чыгарбашыбыз керек” деп эсептейт.
- 1990-жылдын 4-июнундагы кайгылуу окуя – Кыргызстандын тарыхындагы кара так. Ош, Өзгөн шаарларында алоолонгон от күйүп, он миңдеген адам Отуз-Адырга чогулган. Кыргыз жана өзбек улутундагылар кагылышып кете жаздаганда милиция тосуп калган. Караңгы кирип кетпегенде Өзгөндүн жарымы кырылып калмак. Биздеги расмий эмес маалыматка караганда, 30дай адам каза болгон. Бирок расмий маалымат ушул убакка чейин жок. Мындай улут аралык жаңжалды биз унутпашыбыз, сабак алышыбыз керек. Унутуп койгонубуздан туура 20 жылдан кийин кайра кайталанды, - деди Турсунбек Акун.
Бүгүн 1990-жылдагы Ош жана Өзгөн окуяларына 28 жыл болду.
2010-жылдын июнь айында Ош жанан Жалал-Абад облустарында кайрадан улут аралык жаңжал тутанып, 400дөн ашуун адам курман болгон. (RK)