Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Караколдо машине сүзүп кеткен 6 жаштагы бала көз жумду


Каракол шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракол шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарында "Субару Форестер" үлгүсүндөгү автоунаа алты жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын маалыматында жабырлануучу оор жаракат алып, көп узабай көз жумган.

2-июнда саат 19:00 чамасында унаа 1985-жылы туулган айдоочунун автоунаасы Каракол шаарынын Жусаев менен Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде алты жаштагы бала чуркап чыгып, машиненин алдында калган.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен ("Транспорт каражатынын кыймылын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу") кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Усубакунов окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады. (AsM)

XS
SM
MD
LG