Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Жээнбеков Бурулайдын өлүмүнө жол бергендерди катуу жазалоону талап кылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бурулайдын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы керек. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин алдына ушундай талап койду.

“Милициянын мындай шалаакылыгы, жоопкерсиздиги жана кесипкөйлүктөн алыстыгы элдин нааразылыгын туура эле жаратып жатат. Кыздын өлүмүнө айыптуулардын баарын катуу жазалоону, кызматтан алгандан баштап кылмыш жообуна тартууга чейинки чара көрүүнү талап кылам” деди Жээнбеков.

29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. (RK)

XS
SM
MD
LG