Бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аялдарды никеге мажбурлоо маселеси боюнча жыйын өткөрүп, бул боюнча мурдагы берилген тапшырмалардын аткарылышы жана башка кылмыш иштери, анын ичинде Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча маалымат алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз бөлүмү кабарлады.
Өкмөт башчы жарандардын укугун коргой турган органдардын шалаакылыгы бүтүндөй мамлекетке доо кетирип жатканын айтты.
- Никеге мажбурлап отургузуу жана кыздарды ала качуу өнөкөтү токтотулушу керек. Тараптар өз ара ымалага келишип алган күндө да күнөөлүүлөр өз жазасын тартышы керек. Коомдо аялдарды никеге кыйнап олтургузуу максатында ала качууга баргандарга ырайым көрсөтүлбөшү керек, - деди премьер-министр.
Жыйын учурунда өлүмгө алып барган окуя боюнча ички иштер кызматкерлерине карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Өкмөт башчы мекеме аралык жумушчу тобун түзүүгө буйрук берип, ага ала качуунун алдын алган мыйзамдардын үстүнөн укуктук-ченемдик талдоо жүргүзүү тапшырылды.
29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.
Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда.