Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ким Чен Ын аскер жетекчилерин алмаштырды


Ким Чен Ын аскер жетекчилери менен.
Ким Чен Ын аскер жетекчилери менен.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган жолугушуунун алдында аскер жетекчилерин алмаштырды. Бул тууралуу "Yonhap" жаңылыктар агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Агенттиктин кабарына караганда, элдик куралдануу министри Пак Ен Сик, Корей элдик армиясынын башкы штабынын жетекчиси Ли Мен Су жана Армиянын башкы саясий башкармалыгынын жетечиси Ким Чон Гак кызматтарынан алынган. Алардын ордуна сабырдуу көз караштагы аскер жетекчилери келди.

"Yonhap" агенттиги маектешкен адамдардын бири бул Ким Чен Ындын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоого каршы жетекчилерден арылуу ниети болушу мүмкүн экенин билдирген.

Түндүк Кореянын аскер жетекчилигиндеги алмашуу тууралуу "Рейтер" агенттиги жана АКШ администрациясы да маалымдады. АКШ Түндүк Кореянын аскер чөйрөсүндө Ким Чен Ындын Түштүк Кореяга жана АКШга карата мамилесине байланыштуу карама-каршылыктар чыккан деп эсептейт. Бул тууралуу "Рейтер" жазды.

Өткөн жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп 12-июнда Сингапурда Түндүк Кореянын президенти менен жолугарын бышыктаган. Түндүк Кореянын лидери буга чейин Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жөнүндө оюн билдирген, бирок ал бул жараянды акырындык менен өткөрүш керек деп эсептейт.

Вашингтон болсо Пхеньян өзөктүк куралдан дароо баш тартышы керек деген ойдо болууда.

XS
SM
MD
LG