Кыргызстандык режиссер Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы Орусияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгелүү орунга татыды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Кинематографты өнүктүрүү фонду кабарлады.
Тасма “Кыска метраждуу мыкты көркөм фильм” деген наам алды.
«Бакыт» тасмасын 2017-жылы “Манас” университети, "Айтыш-фильм" жана "Mediacompany" чогуу тартышкан. Анда саяпкердин уулу, бош убактысынын баарын жакшы көргөн аты менен өткөргөн Бакыттын окуясы баяндалат.
Фестиваль Чита шаарында өттү. Ага Азия, Түндүк жана Түштүк Америка, Европа өлкөлөрүнөн режиссерлор катышты. Сынакка жөнөтүлгөн 352 тасманын 250дөн ашууну Орусияда жана мурдагы советтик республикаларда тартылган. (RK)