Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:21

Соттолгон төрт саясатчынын тарапкерлери пикет өткөрүүдө


Жогорку соттун алдында саясатчылардын тарапкерлери пикет өткөрүүдө. 4-июнь, 2018-жыл.

Камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун жакындары ушу тапта Жогорку соттун алдында пикет өткөрүп жатышат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, жалпысынан 30дай адам чогулуп турат. Алар иштин калыс каралышын талап кылууда.

2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган төрт саясатчыны 2017-жылы 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.

Соттолгондор кылмыш ишинин козголушун саясат менен байланыштырып келатышат. Баары райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанып, быйыл 7-февралда шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырган.

Соттук териштирүүлөр жабык өтүп келүүдө. (KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG