Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Таласта 5-класстын окуучусуна ок тийди, кылмыш иши козголгон жок


Талас.
Талас.

Таласта мектеп окуучулары мылтык менен ойноп атып, бирөө жарадар болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу "Азаттыктын" Таластагы кабарчысына Талас облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя туурасында эч ким арыз менен кайрылган эмес. Жергиликтүү милициянын айтымында он күн мурун Таластын Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында 5-класстын эки окуучусу мылтык менен сарайда ойноп жатып, биринин колуна ок тийген. Натыйжада күрт улутундагы баланын чыканагынын эти шылынып кеткен.

Жабырлануучу учурда Бишкекте дарыланып жатканын сөз болуп жаткан айыл өкмөтүндөгүлөр билдиришти. (AlS)

XS
SM
MD
LG