Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Иорданияда нааразылык акциялары уланууда


Аммандагы өкмөт үйүнүн жанындагы демонстранттар жана полиция кызматкерлери. 2-июнь, 2018-жыл.
Аммандагы өкмөт үйүнүн жанындагы демонстранттар жана полиция кызматкерлери. 2-июнь, 2018-жыл.

Иорданиянын падышасы Абдулла өлкөдөгү акыркы нааразылыкты талкуулаш үчүн премьер-министрди өзүнө чакырды.

"Франс Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, жолугушуудан кийин өкмөт башчы кызматтан кетиши мүмкүн.

Иорданияда нааразылык акциялары беш күндөн бери уланып жатат. Бүгүн борбор шаар Аммандагы өкмөт үйүнүн алдына 5000дей киши чыкты. Алар Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) сунушу менен киреше салыгын жогорулатууга жана бааларды көтөрүүгө каршы болуп жатышат. Нааразылык акциясынын катышуучулары премьер-министр Хани Мулкинин кызматтан кетишин талап кылып, "чөгөлөбөй" тургандыгын билдиришүүдө. Жаңы салыктарды киргизүүгө парламенттеги депутаттардын көбү да каршы.

Көп аймагы чөлдөн турган, табигый ресурстары чектелүү Иорданияда былтыр нан, күйүүчү май, электр энергиясы сыяктуу негизги товарлар жана кызматтар бир канча жолу кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG