Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Алтайлык оппозициячы активист Орусиядан чыгып кетти


Алтай аймагында жыл башында болгон сел.
Алтай аймагында жыл башында болгон сел.

Орусиянын Алтай аймагындагы оппозициялык активист жана коомдук ишмер Айдар Кудырмеков жеке коопсуздугунан улам өлкөдөн чыгып кетти. Ал 3-июнда “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына Европа Биримдигинен качкын макамын алганын билдирип, бирок коопсуздуктан улам кайсы өлкөдө экенин айткан жок.

Кудырмековдун айтымында, жергиликтүү бийлик май айында каржылык алдамчылыкка шектүү катары анын үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү жана зордоп психиатриялык ооруканада жаткырууну көздөй баштаганда ал Орусиядан чыгып кетүүнү чечкен.

Активист ага каршы аракеттерди Алтай аймагында жыл башында болгон селге байланыштуу жергиликтүү бийликти жемкорлукка, ысырапкерчиликке жана чабалдыкка айыптаган коомдук билдирүүлөрүнө каршы жооп деп эсептейт.

Апрелде жергиликтүү сот "2016-жылдагы киришеси тууралуу декларациясында туура эмес маалымат берген" деп, Кудырмековду Кырлык айылдык кеңешиндеги депутаттык мандатынан да ажыраткан.

Кудырмеков бул сот чечимин "саясий негизде чыгарылды" деп билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG