Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Кочкор-Атада 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизат менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ыкчам маалыматтардын негизинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 51 жаштагы Ю.М. аттуу аялдын үйүнө калыстардын катышуусу менен тинтүү жүргүзгөн. Тинт учурунда ал жашаган үйдүн ичиндеги шкафтын үстүндө нан бышыруучу мештин ичинде катылып турган, атайын оролгон 0,490 грамм нашаа табылды.

Бул факты боюнча Ю.М. аттуу аялга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту ("Баңгизаттык каражаттарды, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү") менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул айым буга чейин да баңгизатка байланыштуу үч жолу сот жообуна тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG