Орусиянын жарандарынын жарымы президент Владимир Путиндин өкмөт башчылыкка Дмитрий Медведевди кайра дайындаган чечимине нааразы. Бул тууралуу “Левада” борборунун жана “Коомдук пикир” фондунун май айынын акырында жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.
“Левада” борборунун маалыматына караганда, сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы Медведевдин кайра премьер-министр болгонуна нааразы экенин айткан. Ошондой эле 8 пайызы арсар ойлорун билдирген.
Ал эми “Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосунда Медведевдин кайра шайланышына ага катышкандардын 45 пайызы нааразы экенин билдирсе, 16 пайызы жооп бере алган эмес.
"Ведомости" басылмасы "Медведевди кетирген жок" деген нааразылык Путинге каршы болгон пикирлердин ичинен экинчи орунда экенин жазды. Басылма белгилегендей, Медведевди колдогондор өкмөттө пенсия курагын көтөрүү демилгесинен жана башка сунуштардан улам да азаюуда.
Сурамжылоонун жыйынтыгында, пенсия курагын көтөрүүнү ага катышкандардын алты пайызы гана колдогон.