Словенияда жекшембиде өткөн шайлоодо мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү, оңчул Демократиялык партия алдыга чыкты. Мурдагы премьер-министр Янез Яншанын партиясы шайлоого катышууга укуктуу 1,7 миллион адамдын 25 пайызынын добушун алганы маалым болду.
Бирок башка кыймылдар аны менен коалиция түзүүдөн баш тартарын билдиришти. Словениянын токсон орундуу парламентинде мурдагы премьер-министрдин партиясы 25 орунду ээлери күтүлүүдө. Коңшу Венгриянын оңчул өкмөт башчысы Виктор Орбан Яншаны жеңиши менен куттуктап, аны "Словения элинин жаркын келечегинин кепили" деп атады.