Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Кызыл-Кыяда КСДП өкүлүнө байланыштуу депутаттык чырга чекит коюлду


Тахмина Алимбекованын депутаттык күбөлүгү.
Тахмина Алимбекованын депутаттык күбөлүгү.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Кызыл-Кыя шаардык кеңешине талапкер Тахмина Алимбекова бир топ териштирүүдөн кийин депутат болду. Бул тууралуу ал өзү бүгүн “Азаттыкка” кабарлап, ыраазычылыгын билдирди.

- Мыйзамдуулук бар экен. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да так жана мыйзам чегинде карады. Сиздерде макала чыккан күнү эле Саясий кеңештен чалып “Эмне болуп жатат? Биз билбейт экенбиз” дешкен. “Макулдук катты сиз өз колуңуз менен жазды деп ойлогонбуз” деп чечимин да кайра артка алышты.

Тахмина Алимбекованын окуясын “Азаттык” бир ай мурда кабарлаган.

Ал 2016-жылы жергиликтүү шайлоого катышкан, талапкерлердин тизмесинде №15 болгон. Бирок кезек келгенде анын ордуна 20-орундагы талапкер депутат болгонун айтып арызданган Алимбекова “тизме түзүлүп жатканда партия өкүлдөрү мага актай баракка кол койдуруп алышкан, эми ошол кагазды өздөрү толтуруп, "Алимбекованын мандаттан баш тартууга макулдугу" деп көрсөтүп жатышат” деп билдирген. Буга байланыштуу КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаевге да кайрылган.

Курамында 31 депутат бар Кызыл-Кыя шаардык кеңешине шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Андагы 11 депутат – социал-демократтар. Быйыл 13-мартта алардын бири өз каалоосу менен мандатын тапшырганына байланыштуу Алимбекова аймактык шайлоо комиссиясына “кезегим келди, мандатымды алууга даярмын” деп арыз жазган. Бирок 2-майда аймактык шайлоо комиссиясында протокол кабыл алынып, 20-орундагы талапкер депутат болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясында атайын териштирүү жүрдү. Натыйжада 1-июнда БШКнын токтому менен Кызыл-Кыя аймактык комиссиясынын Алимбековага мандат берүү тууралуу чечими бекитилди.

Депутаттын күбөлүгү ага кезектеги сессияда тапшырылмай болду. (RK)

XS
SM
MD
LG