Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

"Бийликти басып алууга аракеттенди" деген саясатчылардын соту 7-июнда уланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку сотто камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун ишин кароо уланды. Эки адвокат сөз сүйлөдү. Кийинки соттук отурум 7-июнга белгиленди.

Соттолуучулардын 20 чакты тарапкери Жогорку соттун алдында акция өткөрүп, акыйкаттыкты талап кылып турушту. "Саясий туткундарды коргоо комитетинин" өкүлү Таалайбек Мадаминов акциянын максатын мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстанда акыйкаттык орнойт деп күтүп жатабыз. Чындык орноп, камакта жаткандар үй-бүлөсүнө, элдин алдына чыкса деп күтүп отурабыз.

2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган төрт саясатчыны 2017-жылы 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. (KE)

XS
SM
MD
LG