Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ангела Меркел Израилдин Иран боюнча кооптонуусун түшүнөрүн айтты


Ангела Меркел менен Биньямин Нетаньяху.
Ангела Меркел менен Биньямин Нетаньяху.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 4-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Ирандын аракеттери Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка коркунуч жаратарын белгиледи.

- Биз Ирандын аймактагы таасири кооптонуу жаратат, өзгөчө Израилдин коопсуздугуна коркунуч деген маселе боюнча макулбуз, - деди немис канцлери.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 4-июнда Берлинге келди. Ал андан ары Парижге, Лондонго да барат. Ал сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ чыгып кеткен көп тараптуу келишимди оңдоо гана эмес, Иран күчтөрүнүн Сирияда турушуна бөгөт коюу маселесин да көтөрөрүн билдирген.

Израиль кезинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден түзүлүүсүнө да караманча-каршы болгон.

Израилдин өкмөт башчысынын Европа өлкөлөрүнө азыркы сапары АКШ ошол келишимден чыгып, бирок калган катышуучулар, анын ичинде Германия, Франция, Британия макулдашууну сактап калууга умтуларын билдирип жатышкан учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG